Ысык-Көл облусунун Тоң районунун тоолуу аймактарында 17-июндан 18-июнга караган түнү калыңдыгы 7-12 сантиметрге чейин кар жаап, жергиликтүү элдин малы кырылууда. Аталган райондун акими Бакыт Рыспаевдин берген маалыматына караганда, бүгүнкү күндө Калкагар айылында 96 кой, Ала-Баш айылында 30, Ак-Өлөң айылында 75 кой сууктан өлгөн. Азыркы учурда райондо атайын штаб түзүлүп, дагы канча мал өлгөнү тууралуу тактоо иштерин жүргүзүүдө.”Өлгөн малдардын көрсөткүчтөрү мындан дагы жогору болушу мүмкүн”, - деп кошумчалады аким.