Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында дарыядан студент кыздын жансыз денеси табылды. Ал 2 күндөн бери дайынсыз болуп жаткан. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Майлуу-Суу шаарындагы окуу жайлардын биринде окуп жүргөн М.А. аттуу студент кыз 8-апрелден бери дайынсыз болуп жаткан. Анын атасы 9-апрелде милиция кызматкерлерине арыз менен кайрылып, издөө иштери жүргүзүлө баштаган. 10-апрелде кыздын жансыз денеси Майлуу-Суу дарыясынан табылган. Маркумдун денесине кароо жүргүзүлүп, жыйынтыгында анын киши колдуу болбогондугу белгилүү болгон.
Ага байланыштуу каза болгон кыздын жакындары арыз жазуудан баш тартышып, эч кимге доолору жок экенин айтышкан.