"Президент Алмазбек Атамбаев сотторго кысым көрсөткөн жок, ошондуктан “Ата Журт” фракциясынын депутаттары Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытов президентке ыраазычылык айтышы керек". Бул тууралуу бүгүн, 19-июнда ЖКнын жыйынында депутат Ирина Карамушкина билдирди. Айтымында, мындай абал Бакиевдин учурунда болгондо депутаттар кеминде 20 жылга камалышмак. “Мен кесиптештеримди токтоороок болууга чакырат элем. Бизде күн тартиби бар, ошол менен иштейли. Бул жерде баатыр болуунун кереги жок. Келгиле анда аларга "октябрь окуясынын баатырлары" деп орден бербейлиби? Бошоп кеткениңер силердин эмгегиңер эмес. Дагы эч нерсе бүтө элек”,- деди эл өкүлү депутат Садыр Жапаровго кайрылып.