Президент Каржы министрине Орусия берген грантты алуу үчүн тез аранын ичинде тиешелүү документтерди даярдоо тапшырмасын берди

Бүгүн президент Алмазбек Атамбаев Каржы министри Ольга Лаврованы кабыл алды. Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмү маалымдады. Мамлекет башчы Каржы министрин акча каражаттарын маанилүү иштерге жумшашы керектигин белгилеп, жакында эле Орусия өкмөтү бөлүп берген 25 миллион АКШ доллары өлчөмүндөгү кайтарылгыс грантты алуу үчүн тиешелүү документтерди тез аранын ичинде даярдоо тапшырмасын берди. Өз учурунда Ольга Лаврова президентке быйылкы бюджеттин аткарылышы жана 2013-жылдын бюджети тууралуу маалымат берди.   
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан