Социалдык тармакта президент Сооронбай Жээнбековго Ош шаарынын экс-мэри Мелис Мырзакматов Түркияда жолугууга аракет кылганы айтылууда. Анда Жээнбеков жайгашкан Анкарадагы Sheraton мейманканасына Мырзакматов дагы жайгашканы жазылган.
Бул боюнча SUPER.KG порталына президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмүнүн жетекчиси Толгонай Стамалиева жооп берди.
"Мелис Мырзакматовду көргөн жокпуз. Президент Түркияга расмий иш сапары менен келди. Ал Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган менен жолукту. 10-апрелде аталган өлкөнүн премьер-министри, спикери менен жолугат", - деп билдирди Стамалиева.
Эске салсак, 9-апрелде Сооронбай Жээнбеков Түркияга эки күндүк расмий иш сапары менен барган. Ал Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган менен жолуккан.
Айта кетсек, Мелис Мырзакматовго "Ош шаарынын мэри болуп турганда кызматтык абалынан пайдаланып, эч кандай техникалык-экономикалык негиздемеси жок эстакадалык көпүрөнү каржылоого жана курууга Оштун жетекчилерине мыйзамсыз буйрук берген" деген айып тагылган. 2014-жылдын 27-ноябрында М.Мырзакматовго "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Мырзакматов ал учурда Кыргыз мамлекетинен чыгып кеткен. Ош шаардык соту камакка алуу чечимин чыгарып, кийинчерээк ИИМ аны кармоо боюнча Интерполго кайрылган.