ТИМ: "Франкфурттагы Кыргызстандын консулу Азамат Алмакунов мас абалында унаа айдап жүргөн эмес"

Кыргызстандык дипломат Германиянын Франкфурт шаарынын полициясы тарабынан кармалган эмес. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, министрлик териштирүү иштерин жүргүзгөн, жыйынтыгында Кыргызстандык жаран кармалбаганы анык болгон. Эске сала кетсек, 16-июнда Германиянын маалымат каражаттары Франкфурттагы Кыргызстандын консулу Азамат Алмакунов унааны мас абалында айдап жүргөн жеринен кармалгандыгы тууралуу маалыматты жазып чыгышкан эле.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан