Каракол шаарына кар жаады. Бул тууралуу окурман "Элдик кабарга" билдирди.
Кар 10-апрелден 11-апрелге караган түнү жаап баштаган.
"Кар жаап, айлана кыштагыдай аппак болуп калды. Таңга жуук басылып, азыр аз-аздан эрий баштады. Жети-Өгүздө, Ысык-Көлдүн башка аймактарына да кар жааганын тааныштар айтып жатышат", - деген ал.
Айта кетсек, буга чейин Кыргызгидромет 11-12-апрелде өлкө аймагында үшүк жүрөрүн билдирген.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.