19-20-июнга белгиленген вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевдин Жалал-Абад облусуна сапары болбой калды. Анын жүрүшүндө ал “Бозумчак” кенин иштеткен “Казахмыс Голд” компаниясынын иши менен таанышмак. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет. Маалымат боюнча, бул анын Бишкектеги шашылыш иштерине байланыштуу болду.