Телеграм мессенжеринин негиздөөчүсү Павел Дуровдун Орусиянын федералдык коопсуздук кызматына жиберген ачкычтары интернетте кызуу талкуу жаратты.
Дуровдун коопсуздук кызматынын башчысы Александр Бортниковго жазган каты жана эки темир ачкычтын сүрөтү анын адвокаты Павел Чиковдун Телеграмдагы каналында жарыялаган. Аталган катта мессенжердин иштеп чыгуучулары терроризмге каршы күрөшүү боюнча мыйзамдарга баш ийип, талаптары аткарылып жаткандыгын билдирген.
"Сизге кроссплатформалуу Телеграм мессенжеринин ачкычтарын (2 даана) жакшы каалоо-тилектер менен жиберип жатам", - деп жазылган катта.
Өз кезегинде Чиков бул кат Павел Дуров тарабынан жазылбагандыгын жана анын бул сүрөткө эч кандай тиешеси жок экенин билдирген.
"Мен белгисиз бирөөнүн тамаша катарында жарыяланган сүрөтү менен бөлүшкөм, ал Дуровго эч кандай тиешеси жок. Бирок сүрөттүн авторуна ыраазычылык, эртели-кеч кимдир-бирөө ушул ишти жасаш керек болчу", - деген Чиков.
Буга чейин Орусиянын федералдык коопсуздук кызматы Телеграм мессенжеринин колдонуучулары тууралуу маалыматты алууга жана алардын билдирүүлөрүн окуу үчүн Дуровдон жашыруун ачкычтарды талап кылган. Бирок мессенжердин негиздөөчүсү бул талаптарды аткаруудан баш тартып, мындай иш-аракеттер Конституцияга карама-каршы келерин билдирген.
6-апрелде Роскомнадзор Москванын Таган райондук сотуна Телеграмды Орусиянын аймагында колдонууга тыюу салуу боюнча талабы менен кайрылган.