ЖКнын бүгүнкү, 19-июндагы жыйынында депутат Исмаил Исаков коргоо жана коопсуздук боюнча вице-премьер-министрдин кереги жоктугун билдирди. Анын айтымында, вице-премьер-министрден көрө Баткен облусуна 10 чек арачыны жөнөтүү керек. Депутаттын бул пикирин эл өкүлү Өмүрбек Абдрахманов да колдоду. Ал эми вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев депутаттардын бул оюна кошулбастыгын билдирди. Айтымында, бул кызматты киргизүүдө Сох анклавындагы абал өтө курч болчу, азыр деле ошол бойдон калууда.