Кыргызстан аркылуу НАТОнун аскер жүгүн ташуу ишин жөнгө салууга багытталган мыйзам долбоору 2-3-окууда добуш берүүгө жолдонду

Бүгүн, 19-июнда ЖКда НАТОнун аскер жүгүн ташуу ишин жөнгө салууга багытталган мыйзам долбоору каралды. Транспорт жана коммуникация министри Калыкбек Султановдун айтымында, бул эл аралык келишимге Орусия, Казакстан, Тажикстан, Кыргызстан өкмөттөрү тарабынан кол коюлган. Келишимге ылайык, Ооганстандан Кыргызстанга, Кыргызстандан Ооганстанга жүк ташуу иштерине кыргыз жүк ташуучулары гана тартылат. Аларды НАТО өзү тандап алууга тийиш. Келишимди ратификациялоо аркылуу мыйзамдаштыруу милдети турат. Ратификациялык мыйзам долбоору экинчи жана үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан