"Казахмыс голд": "Бозумчак" алтын кени 2014-жылы ишке кирет"

"Бозумчак" алтын иштеп чыгаруу фабрикасы 2014-жылы ишке кирет. Бул тууралуу бүгүн, 19-июнда «Бозумчак» ААКсынын башкы директору Иляс Түлекеев билдирди. Анын айтымында, фабрика ишке киргенден кийин 180 киши ишке алынат жана анын көпчүлүгү жергиликтүү калктан болот. «Биз 2014-жылы фабриканы ишке киргизүү үчүн аракет кылып жатабыз. Алдын ала эсептөөгө ылайык, жылына 1 миллион тонна кен иштетилет. Кенде негизинен жез өндүрүү жүргүзүлөт»,- деди ал. Жумушчулар үчүн курулган мончолор, ашкана июль айларында мамлекеттик текшерүүдөн өтүп, өкмөт уруксат бергенден кийин жумушчуларга колдонууга берилет. Кошумчалай кетсек, «Бозумчак» алтын өндүрүүчү фабриканын курулуш иштери менен таанышууга вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев жүйөөлүү себептерден улам барбай калды.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан