Бишкек шаардык соту тарабынан акталып чыккан депутаттар Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытов бүгүн, 19-июнда маалымат жыйын беришүүдө. “Биз атайын пресс-релиз даярдаган жокпуз. Биз 9 айдан бери темир тор артында отурдук, сиздерге айрым маалыматтарды бере кетели. Сиздердин суроолоруңуздарга так жана туура жооп берели деп келдик”,- деп сөз баштады “Ата Журт” партиясынын лидери Камчыбек Ташиев.