Кытайда ымыркай ата-энеси каза болгондон 4 жыл өткөн соң жарык дүйнөгө келди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалым болгондой, 2013-жылы Шен жана Лиу аттуу үй-бүлө ЭКУ жолу менен балалуу болууну көздөп, 4 эмбрионду катырып коюшкан. Бирок дарыгерге барууга 5 күн калганда катуу автокырсыкка кабылып, жарык дүйнө менен кош айтышкан.
Жубайлардын өлүмүнөн соң алардын ата-энелери сотко кайрылып, балдары ооруканага сактоо үчүн берген эмбриондорду колдонууга уруксат алышкан. Бирок Кытайда карын эне кызматына тыюу салынгандыктан, ата-энелер Лаос өлкөсүнө барып, карын эне жалдашкан. Жыйынтыгында 2017-жылдын декабрь айында карын эне тарабынан эркек ымыркай төрөлгөн. Бирок бул маалымат коомчулукка эми гана тараган.
Белгилүү болгондой, ымыркайга Тяньтянь деген ысым ыйгарылган. Ымыркайдын чоң энеси небереси атасынын көчүрмөсү, бирок көздөрү апасыныкына окшош экендигин билдирген.
ЭКУ тууралуу кенен маалыматты бул шилтеме аркылуу окуй аласыз.