Бишкек шаардык сотунун алдында "Ата Журт" фракциясынын депутаттарынын бошотулганына нааразы болгондор митингге чыгышты. Митингге "Мекен шейиттери" жана "Айкөл Ала-Тоо" коомдук уюмдарынын мүчөлөрү чыгышкан. "Эмне үчүн ал депутаттар бошотулду? Биз чындыкты уккубуз келет",- дешти митингчилер. Алар депутаттарды бардык беренелер боюнча актаган 3 судьянын жооп беришин талап кылышууда.