18-июнда Кыргызстандын саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаева Азербайжандын Кыргызстандагы элчиси Гидаят Оруджаев менен жолугушту. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Жолугушуу маалында Гидаят Оруджаевди саламаттыкты сактоо жаатындагы эки өлкөнүн кызматташтык маселелерин кандайча жакшыртуу керектиги кызыктырды. Ал эми Динара Сагынбаева Советтер Союзу таркагандан бери көптөгөн адистер башка өлкөлөрдөгү кесиптештери менен тажрыйба алмаша алышпай же кесиптик даражасын жогорулатуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырап калышкандыгын белгилеп, органдардын трансплантологиясын кеңейтүү керектигин билдирди. Керектүү жабдыктардын аз болгондугунан жана кесиптик адистердин жетишсиздигинен бөйрөгү ооруган бейтаптардын талап болгон анализдерин жүргүзүүгө Казакстанга жана кымбат баага аткарылуучу операцияларды алууга башка өлкөлөргө барганга туура келип жаткандыгын айтты. "Биз сиздердин өлкөдө салматтыкты сактоо тармагындагы мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө ниеттенүүдөбүз",- деди элчи.