“Сиз соттолуп жаткан учурда Максим Бакиев менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү деген сөздөргө кандай карайсыз?” деген журналисттердин суроосуна Камчыбек Ташиев өзүнүн пикирин билдирди. Ал бул маселе боюнча Биринчи Май райондук соту менен биргеликте мындай маалыматты таркаткан Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын директору Кубат Оторбаев менен сүйлөшүүлөр болгонун айтты. Айтымында, КТРКнын директору Кубат Оторбаев Биринчи Май райондук сотунда болгон отурумда Максим Бакиев менен эч кандай сүйлөшүүлөр болбогондугун ырастаган. “Мен Максим Бакиев менен эч кандай сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн эмесмин”,- деди Ташиев.