ЖКнын бүгүнкү, 19-июндагы жыйынында “КРнын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө” мыйзамдын долбоору үчүнчү окууда каралды. Мыйзамдын долбоорунун максаты - мас абалында курал алып жүрүүгө тыюу салуу, ошондой эле билим берүү мекемелеринин аймагында, коомдук тамактануучу жайларда, ошондой эле мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жайгашкан имараттарда курал алып жүрүүгө тыюу салуу. Мыйзам долбоору 3-окууда добуш берүүгө жолдонду.