“Менин дарбазадан ашып түшүүмдүн себеби бар”,- деп билдирди депутат Камчыбек Ташиев бүгүн, 19-июнда маалымат жыйыны учурунда. Айтымында, 2012-жылдын 3-октябрында болгон митингде элге карай ок атылган. "Мен Ак үй тарапка элге ок атууну токтотууга аракет кылуу үчүн бет алгам. Мен ушундай маанилүү жүйө менен гана тосмодон секиргем, мени эч ким секирткен эмес”,- деди Ташиев.