Депутаттар сапатсыз дарыларды алып келүүгө чек койгон мыйзам долбоорун талкуулашты

Бүгүн ЖКнын Социалдык саясат боюнча комитетинде "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" КРнын мыйзамына толуктоо киргизүү боюнча мыйзам долбоору талкууланды. Анда өлкөдөгү фармацевтикалык компаниялар арзанына карап алып келип жаткан дарылардын зыяны, кант диабетинен жабыркагандар колдонгон инсулиндин сапатсыз болуп жаткандыгы айтылып, дарыларды арзанына эмес, сапатына карап алууда тендер калыс өткөрүлүшү керектигин депутат Турсунбай Бакир уулу белгиледи. Тендердик жол менен сатылып алынып жаткан инсулиндин ар бир сыркоолуу адамга жекече таасири, анын саламаттыгына залалы тийбесин деген шарттар каралды. Ушундай шарттан улам "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" КРнын мыйзамына толуктоо киргизүү жөнүндө мыйзам долбоору иштелип чыкты. Анын кабыл алынышы же алынбашы ЖКнын жыйынында депутаттардын добушуна байланыштуу болот. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан