Бишкек шаардык сотунун имаратынын алдына митингге чыгышкандар таркашты. Митингчилер “ата журтчу” 3 депутатты актаган чечимге нааразы болуп чогулушкан. Алар шаардык соттун алдына камактагы депутаттарды актаган 3 судьяны элге чыгуусун талап кылышкан. Бирок чогулган элдин алдына судьялар келген жок. Бишкек шаардык сотунун төрагасы Айдарбек Осмонов чогулгандардын алдына чыгып, элди олуттуу кадамдарга барбоого чакырды. Мындан соң митингчилер өз ара сүйлөшүп, "судьялардын үйүнө чейин барабыз" дешип шаардык соттун алдынан таркап кетишти.