Сирияга каршы ракеталык соккудан каза болгондор жок. Бул тууралуу сириялык армиянын башкармалыгына таянып чет өлкөлүк басылмалар жазышууда.
"Сирия аймагына болгон соккулар материалдык чыгымдарга гана алып келди" деп айтылат армиянын билдирүүсүндө. Сирия АКШнын, Улуу Британиянын жана Франциянын соккусун эл аралык укукту бузуу деп атап, террорчулар менен күрөшүүнү улантарын баса белгиледи.
Орусиянын Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, Сирияга карата 100дөн ашуун ракета коё берилди, алардын бир тобу сириялык абадан коргонуу системи тарабынан атып түшүрүлдү.
Айта кетсек, бүгүн, 14-апрелде АКШ, Улуу Британия жана Франция "Сириянын өкмөтү химиялык куралды колдонууда" деп сокку уруу боюнча операцияны башташты. Сирия химиялык курал колдонбогонун айтууда.
Орусия аталган операцияны сынга алды. "Сирия согушсуз келечекке мүмкүнчүлүк алганда анын борбор калаасына сокку урулду", - деген пикирин Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова билдирди. Анын ою боюнча, Сирияга каршы соккунун артында дүйнөдө моралдык лидерликти эңсеп жаткандар турат.