"Ош базарындагы" өрттөн 5 миң чарчы метрден ашуун аянт күйдү

Бишкектеги "Ош базарынын" аймагында жайгашкан "Берекет" базарында 13-апрелде чыккан өрттөн болжол менен 5 миң 400 чарчы метр аянт күйдү. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, "Ош базарындагы" өрт кырсыгында адам өмүрүнө зыян келтирилген эмес.

"Ош базарындагы" өрт тууралуу маалымат саат 03:50 чамасында келип түшкөн. Өрт толугу менен 19:45те өчүрүлгөн. Учурда өрттүн кесепетинен келтирилген чыгымдар эсептелүүдө. Ал эми өрттүн чыгуу себеби такталууда. Жыйынтыгы чыккандан кийин гана укуктук баа берилет", - дешти басма сөз кызматынан.

Айта кетсек, кечээ, 13-апрелде "Ош базарында" чыккан өрт боюнча кылмыш иши козголгон.

“Ош базарында” үчүнчү жолу өрт чыкты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
barsbegKG
2018-04-14 17:45:11
Башында болжолдуу 200 чарчы метр деп жаткан атаң гөрүүү 5400 чарчы соодагерлерге жардам бериш керек
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан