Бишкек-Ош унаа жолунда таш жүктөп бара жаткан жүк ташуучу унаа оодарылып кетип, 2 адам жаракат алды

Бишкек-Ош унаа жолунда таш жүктөп бара жаткан жүк ташуучу унаа оодарылып кетип, 2 адам жаракат алды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн инспектору Айбек Сатыбалдиев билдирди.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы бүгүн, 14-апрелде саат 17:00дөр чамасында Сузак районунда болгон. Анда Өзгөн районунан Бишкек шаарына таш жүктөп бара жаткан жүк ташуучу унаа Сузак району аркылуу өткөн Бишкек-Ош унаа жолунун 584-чакырымында оодарылып кеткен. Натыйжада жүк ташуучу унаанын 44 жаштагы М.А. аттуу айдоочусу жеңил жаракат алса, А.А. аттуу 30 жаштагы жүргүнчүсү оор жаракат алган.

"Айдоочу унааны башкара албай калып жол кырсыгына кабылган. Оодарылып калган унаадан жаракат алгандарды биздин кызматкерлер алып чыгышкан. Биринин абалы оор болгондуктан, аны биздин кызматкерлер унаасына салып, оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткиришкен. Экинчисин кийин "Тез жардам" кызматы алып кеткен.

Жол кырсыгы болгон жерге алгач эле ӨКМнын куткаруучулары чакырылган, бирок арадан бир нече саат өтсө да келишкен эмес", - дейт Сатыбалдиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
munar1980
2018-04-14 23:34:51
Бул жер өзгөдөн тушо берген Подёмдогу поворот окшойт
0
momun74
2018-04-14 23:42:28
жакшы оздору аман калыптыр дунуйо табылат
0
Krai
2018-04-16 09:47:30
Атаңгөрү Карымбайдын таштары го
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан