"Бозумчак" кенин иштетүүдөн Кыргызстандын бюджетине 200 миллион доллар салык түшөт

Кыргызстандын бюджетине Ала-Бука районундагы “Бозумчак” жез-алтын кенин иштетүүдөн жергиликтүү бюджетке жылына 200 миллион доллар салык түшөт. Бул тууралуу журналисттер менен жолугушууда “Казахмыс Голд” ЖЧКсынын башкы директору Ильяс Түлекеев билдирди. "Учурда кенди иштетүүдөн түшкөн социалдык төлөмдөрүн, салыктык түшүүлөрдүн көлөмү 11 миллион долларды түзөт. 2027-жылга чейин төлөмдөрдүн жалпы көлөмүн 200 миллион долларга жеткирүү пландаштырылууда”, - деди Түлекеев. Анын айтымында, карьердин борбордук тилкесинде алтындын 24 тонна, жездин 147 тонна, күмүштүн 139 тонна запасы бар. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан