Түп районунда жол кырсыгы катталып, бир адам каза болуп, 2 адам ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 14-апрель күнү болжол менен саат 15:30 чамасында Ысык-Көл облусунун Түп районунда Toyota Avensis үлгүсүндөгү унаа катуу ылдамдык менен жолдон чыгып, оодарылып кеткен. Кырсыктан улам 24 жаштагы Күрмөнтү айылынын тургуну каза болуп, айдоочу жана бир жүргүнчү жаран аймактык ооруканага жеткирилген.
"Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын инспекторлор катуу ылдамдыкта бараткан Toyota Avensis автоунаасын байкашкан. Айдоочу инспекторлордун "машинаны токтот" деген буйругуна баш ийген эмес. Милиция атайын маякты күйгүзүп, алардын артынан кууган. Болжол менен 800 метрден кийин айдоочу рулду башкара албай, жолдон чыгып, оодарылып кеткен", - деп билдирет басма сөз кызматынан.
Кырсыктан улам С.Б. аттуу Күрмөнтү айылынын 24 жаштагы тургуну каза болгон.
"Жол кырсыгы катталгандан кийин жабыркагандардын жакындарынан 20дай киши келип, Жол коопсуздугунун камсыздоо башкармалыгынын 2 кызматкерлерин сабап кетишкен. Мындан улам алар ар түрдүү жаракаттарды алышып, ооруканага жеткирилген. Учурда катталган жол кырсыгы боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 341-беренеси (бийлик өкүлдөрүнө карата зомбулук көрсөтүү) менен кылмыш иши козголду. Учурда бул боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүүдө", - деп билдирет басма сөз кызматы.