Таласта 10-класстын окуучусун унаа сүзүп, ал окуя болгон жерден каза болду

Талас облусунун Бакай-Ата районунда жол жээгинде велосипедин сүйрөп келе жаткан окуучуну жеңил унаа сүзүп, ал окуя болгон жерден каза болду. Бул тууралуу Талас облусунун жол коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн SUPER.KG порталына билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 13-апрель күнү Кең-Арал жана Өзгөрүш айылынын ортосундагы жолдо болгон. Анда болжол менен кечки саат 20:40 чамасында жеңил унаа жол жээгинде велосипедин сүйрөп келе жаткан баланы капталынан сүзүп токтогон. Окуя болгон жерден окуучу каза болгон.

"Каза болгон бала Кең-Арал айылынын тургуну - 10-класстын окуучусу. Ал машыгуу үчүн Өзгөрүш айылына бара жаткан. Ал эми айдоочу Бакай-Ата районунун тургуну. Кырсык болгон учурда ал спирт ичимдигин ичкен эместиги аныкталды. Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат", - деп билдирет аталган башкармалыктан.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
ayka91
2018-04-15 15:21:05
байкуш ата энеси кан жутуп жатышат. обгон беребей эле оз жолун менен отуп кете берсен болмок го .
+3
Aijamal9487
2018-04-16 07:26:06
Шашпачы шашпачы.Бечара бала машыгууга бара жаткан бойдон кете берди коштошуп..
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан