Базар-Коргон районундагы таштанды таштоочу жайды үйүрлөгөн жолбун иттер айылдагы койлорго, адамдарга кол салууда. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Таш-Булак айылынын тургуну Ташмат Нурмаматов билдирди.
Анын айтымында буга чейин жолбун иттер анын эки козусуна кол салган.
«Биздин айыл райондогу таштанды таштоочу жайдын ары жагында жайгашкан. Бул жерге таштандыны ким алып келип, кайсы убакта төгөт билбейбиз. Бул жерге малдын сөөктөрүн, акыр-чикирлерди алып келип ташташат. Күн ысыганда жагымсыз жыттар чыгат. Сөөктөр көп ташталганы үчүн жолбун иттер байырлап алган. Балдарды кой жайдырганы чыгарсак да коркуп отурабыз. Иттер көп болсо адамдан да коркпой калат экен», - дейт Нурмаматов.
Айылда иттердин малдарга кол салуусу алгачкы ирет катталган жок. Буга чейин бир нече жолу мындай учур болгон.