Өлкөдө соңку жумада 134 айдоочу мас абалында кармалды

Өлкөдө соңку жумада мас абалында 134 айдоочу кармалды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан өлкө аймагында рейддер жүргүзүлгөн. Анын алкагында 15 миң 541 жолу жол эрежелерин бузуу фактысы катталган. Анын ичинен 134 айдоочу мас абалында кармалса, тийиштүү документи жок 228 айдоочу кармалган. Жогорку ылдамдыкта айдаганы үчүн 2 миң 905, ал эми 3 миң 878 айдоочу жол чийиндерине жана белгилерге баш ийбегендиги үчүн токтотулган. Унаа башкарып бара жатып телефон менен сүйлөшкөн 3 миң 21 жол эрежесин бузуу катталган.

Андан сырткары, дагы ар кандай жол эрежелерин сактабаган 8 миң 075 айдоочуга административдик протоколдор түзүлгөн. Андан сырткары 525 унаа айып аянтчасына токтотулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Pandora
2018-04-16 11:18:10
Бул мындай эле кармалганы,тааныш билиши канча
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан