Бишкекте жол кырсыгынан 19 жаштагы кыз каза болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 14-апрелде саат 04:41де Чүй жана Тоголок Молдо көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Анда Toyota Camry үлгүсүндөгү унааны башкарып бара жаткан 25 жаштагы Н.Н. аттуу айдоочу 19 жаштагы кызды сүзүп кеткен. Кыз алган жаракатынан улам ошол жерден каза болгон. Наркологиялык экспертиза айдоочу мас абалында болгонун аныктаган.
Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, айыпталуучу убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Аталган жол кырсыгы видео көзөмөлгө түшүп калган. Унаа кызды сүзүп кеткен учурду 2 мүнөт 46-секундасында көрүүгө болот.