Депутаттар Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров, Талант Мамытовдун ишин караган Бишкек шаардык сотунун коллегиясы 2 күн катары менен жумуш ордунда жок болуп жатышат. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматы бүгүн, 19-июнда билдирди. “Камактагы 3 депутаттын ишин караган Бишкек шаардык сотунун судьяларынын жашаган үйлөрү жана каякта турары белгисиз, ал эми алардын телефондору өчүк болуп жатат”,- деп жазылган билдирүүдө.