Нарын облусунун Кочкор районунда жол кырсыгынан 1 адам каза болуп, 1 адам жаракат алды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы кечээ, 15-апрелде саат 20:00дөр чамасында болгон. Анда Кочкор районунун Ак-Жар айылында Audi үлгүсүндөгү жеңил унаа алгач жөө жүргүнчүнү, кийин бакты сүзүп алган. Жол кырсыгынын натыйжасында 44 жаштагы Б.Э. аттуу жөө жүргүнчү окуя болгон жерден каза болсо, 58 жаштагы К.С. аттуу айдоочу жаракат алып ооруканага жеткирилген.