Болот Сүйүмбаев Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча кызматынын төрагасы болуп дайындалды. Бул тууралуу 16-апрелде өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, тиешелүү жарлыкка премьер-министр Сапар Исаков кол койду.
Айта кетсек, 7-апрелде Болот Сүйүмбаев берген арызынын негизинде УКМКнын төрагасынын орун басарлыгынан президент Сооронбай Жээнбеков бошоткон эле.
2017-жылдын 10-январынан тарта 16-апрелге чейин Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын төрагасы болуп Замирбек Осмонов иштеген. Өкмөт башчынын жарлыгы менен ал ээлеген кызматынан бошотулду.
Сүйүмбаев Болот Турарович 48 жашта, Бишкек шаарында туулган. Мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын бүтүргөн.
1988-1989-жылдары аскерде кызмат өтөгөн;
1989-жылы "Кыргызфильм" студиясында актёр-каскадер;
1994-1998-жылдары “Илбирс” ишканасында ревизор жана "Меркури" банкында коопсуздук инспектору;
2000-жылы “Шампанвинкомбинатта” кайтаруучу;
2001-2007-жылдары ИИМде кызмат кылган;
2010-жылы Убактылуу өкмөттүн төрайымынын биринчи орун басары Алмазбек Атамбаевдин кеӊешчиси;
2012-жылы президент Алмазбек Атамбаевдин кеӊешчиси болуп иштеген;
2012-2016-жылдары УКМКнын 9-бөлүмүнүн (өлкө жетекчилеринин коопсуздугун камсыздоого жооптуу бөлүм) башчысы;
2016-2018-жылдары УКМКнын төрагасынын орун басары рангындагы УКМКнын Улуттук коопсуздуктун коркунучтарын талдоо жана аныктоо кызматынын директору.
УКМК башчысынын орун басары кезинде Атамбаевдин колунан "генерал-майор" наамын алган.