Бүгүн, 16-апрель. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.
Президент Сооронбай Жээнбеков кызматтан кетирген Болот Сүйүмбаевди премьер Сапар Исаков бүгүн Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын (Финпол) башчысы кылып дайындады. Ал УКМКнын төрагасынын орун басары кызматынан 9 күн мурун өлкө башчысынын буйругу менен бошотулган болчу.
Болот Сүйүмбаев – экс-президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы жан сакчысы. ЖМКларга жарыяланган өмүр баянына караганда 2001-2007-жылдары ички иштер министрлигинде иштеген. 2010-жылы Убактылуу өкмөттүн төрайымынын биринчи орун басары Алмазбек Атамбаевдин кеӊешчиси, 2012-жылы президент Алмазбек Атамбаевдин кеӊешчиси болуп иштеген. УКМК башчысынын орун басары кезинде Атамбаевдин колунан "генерал-майор" наамын алган.
Сапар Исаковдун бул дайындоосун коомчулук экс-президент Атамбаевдин учурдагы президент Жээнбековго жообу катары кабылдады. 2016-жылы Конституцияны өзгөртүү сунушталганда оппозициянын айрым өкүлдөрү, Жогорку Кеӊештин айрым депутаттары Баш мыйзамдагы жаӊы нормалар өлкөдө 2 баштуу бийликти жаратат дешкен. 2017-жылы 1-декабрдан тарта өлкөдө премьердин бийлиги күчөдү. Мисалы, коопсуздук жана коргоо органдарынын башчыларынан тышкаркы өкмөт мүчөлөрү премьердин сунушу менен кызматтан алынышы мүмкүн. Эгер президент 5 күндүн ичинде премьер сунуштаган чиновникти кызматтан албаса, өкмөт башчы Жогорку Кеӊеште башкаруучу коалициядагы фракциялардын лидерлери менен кеӊешип, ал чиновникти өзү бошото алат. Эски Конституция боюнча кадр маселесинде премьер президенттен көбүрөөк көз каранды болчу. 2017-жылы декабрда Сапар Исаков Бажы кызматынын төрагалыгына Кубанычбек Кулматовду дайындап, анда өкмөттүк аппарат “Кулматовдун талапкерлиги президент Жээнбеков менен макулдашылды”, - деген маалымат тараткан. Бул жолу Сүйүмбаевди Финполдун жетекчилигине алпаруу чечиминде президент менен кеӊешүү болгон же болбогонун ачыктоону өкмөттүн маалымат кызматы зарыл жагдай катары эсептеген жок.
Финпол - 8-февралда Коопсуздук кеӊешинин жыйынында президент коррупцияга өздөрү батып калды деп сындаган органдардын бири. Буга чейин органды Замирбек Осмонов жетектеп келген. Осмонов көп жыл салык тармагында иштеген. 2014-2016-жылдары Мамлекеттик салык кызматын жетектеп, 2017-жылдын январында ал кездеги премьер Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен Финполдун башчылыгына дайындалган. Бүгүн, 16-апрелде Сапар Исаковдун буйругу менен кызматтан алынды.
Мыйзамга ылайык, президент айрым өкмөт мүчөлөрүн: УКМК төрагасын, Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчисин, алардын орун басарларын өзү кызматка дайындап, өзү бошотот. Башкы прокурорду Жогорку Кеӊеште 61 депутаттын макулдугу менен кетире алат. Буга чейин президент Жээнбеков экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жакын адамдары деп саналган Фарид Ниязовду президенттик аппараттын башчылыгынан, Дамир Мусакеевди УКМКнын 9-бөлүмүнүн жетекчилигинен, Абдил Сегизбаевди УКМК төрагалыгынан, Болот Сүйүмбаевди УКМКнын төрагасынын орун басарлыгынан, Индира Жолдубаеваны парламентте 105 депутаттын макулдугу менен Башкы прокурорлуктан алган. Президенттин мындай кадамдарын саясатчылар “туура кадам” деп баалап, президент өзүнө “байлап” берилген кадрлар менен алыска бара албасын, алдына койгон пландарды ишке ашыруу үчүн, толук кандуу иштеш үчүн өзүнүн командасын түзүшү керектигин айтышууда. Кыскача айтканда, саясий чөйрө жогорудагы кадамдарды мыйзам ченемдүү көрүнүш катары кабыл алды. Ак Үйдө Сапар Исаковдун бүгүнкү дайындоосу дагы “мыйзам ченемдүү көрүнүш” катары кабыл алындыбы, жокпу? УКМК төрагасы Абдил Сегизбаев менен анын орун басары Болот Сүйүмбаевди кызматтан бошотууга эмне себеп болгону коомчулукка ачык жарыя болгон эмес. Андыктан жогорудагы суроого да көпчүлүк жооп таппай турат. Ал эми экинчи тарап бул боюнча үн ката элек.
Бийлик башындагы мындай “аркан тартыштардан” улам аймактарды өнүктүрүү жылы азырынча кагаздарда гана турат...
Экс-президент Алмазбек Атамбаев парламенттеги КСДП фракциясынын депутаттарын жыйынга чогултту. Жыйын мамлекеттик "Ала-Арча" резиденциясында өтүп, ага журналисттер киргизилген жок. Депутат Рыскелди Момбековдун билдирүүсүндө КСДПнын курамы, ишмердүүлүгү, 2020-жылкы парламенттик шайлоого даярдык көрүү маселеси талкууланды. Бул жыйындагы негизги жаңылык - Фарид Ниязовдун КСДПнын төрагасынын орун басарлыгынан кетери болду. Ал мындан ары "Апрель" деп аталчу кайрымдуулук фондун жетектей турганы айтылды. Алмазбек Атамбаев менен жолугушууга бүгүн КСДПдагы 37 депутаттын ичинен 19у гана барды. Асылбек Жээнбеков, Төрөбай Зулпукаров, Аалы Карашев, Кожобек Рыспаев, Искендер Матраимов өӊдүү 18 депутат жыйынга барышкан жок. КСДПнын салмактуу саясатчыларынан Иса Өмүркулов менен Чыныбай Турсунбеков гана барганы да коомчулуктун көңүлүнөн тыш калган жок. Бул жагдай Жогорку Кеңештин депутаттарында жел кайда урса, маанай да ошол жакка бат өзгөрүп кетерин көрсөттү.
2016-жылы Алмазбек Атамбаев депутат Өмүрбек Текебаевди бир буту менен бийликте, бир буту менен оппозицияда талтайып турат, бул абалда адам көпкө кармалбайт деп сындаган эле. Бүгүн ошол кырдаал КСДПнын депутаттарынын башына келгендей...
Парламент депутаты Дамирбек Асылбек уулу депутаттык мандаттан ажыратылды. Анын мандаты “Кыргызстан” партиясынын депутаттык тизмесиндеги кийинки талапкер Руслан Чойбековго берилди.
Дамирбек Асылбек уулу 2015-жылы "Кыргызстан" партиясынын тизмесинде парламентке депутат болуп шайланган. Быйыл февраль айында Казакстанда 30дан ашык Казакстандын жана Кыргыз мамлекетинин жарандары менен бирге аткезчиликке, уюшкан кылмышка шектелип кармалган. Ал Кытайдан Казакстанга контрабандалык товар киргизип жүргөн кылмыштуу топтун жетекчиси деп шектелип, 17-февралда 2 айга камакка алынган. Көп өтпөй Асылбек уулунун Казакстандын жараны деген маалымат жарыяланган. Эки өлкөнүн Тышкы иштер министрликтери билдиргендей, Дамирбек Асылбек уулунда 2020-жылга чейин жарактуу эки өлкөнүн тең 2 паспорту болгон. Кош жарандуулугу бардыгы үчүн Дамирбек Асылбек уулун БШК мандаттан ажыратты. Ал эми парламентке кош жарандыгы бар жаранды өткөрүп жиберген БШКнын өзүнүн жоопкерчилигин ким сурайт? Бүгүн БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекованы кабыл алган президент Сооронбай Жээнбеков шайлоо мыйзамдарын жакшыртуу керектигин айтты...