Башкы прокурор Индира Жолдубаева кызматынан бошотулду. Тийиштүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койгонун 13-апрелде президенттик аппараттан кабарлашты.
Белгилей кетсек, президент 10-апрелде Жогорку Кеңешке Индира Жолдубаеваны кызматтан бошотуу боюнча сунуш киргизип, депутаттар президенттин сунушун 11-апрелде колдогон.
Катталган 110 депутаттын ичинен, 2 депутат каршы добуш берсе, 105 депутат "макул" деп добуш берген.
Индира Жолдубаева башкы прокурорлукка 2015-жылдын 29-январында дайындалган.