Бишкек ШИИББи тарабынан бүгүн, 16-апрелде жашы жете элек өспүрүмдөргө карата "Тентимиш" аталышындагы рейд өткөрүлдү. Рейд негизинен сабак учурунда компьютердик оюндарды ойноп жүргөн балдарга карата жүргүзүлдү. Анда 1 саатка жетпеген убакыттын ичинде эле 18 өспүрүм кармалды.
Өспүрүм балдардын көпчүлүгү сабактарынан качып интернет клубдарда оюн ойноп отурган жеринен кармалды.
"Кармалган балдар аты-жөнүн тактоо максатында жакынкы райондук ички иштер бөлүмүнө алынып келет. Ата-энеси өзүнүн жана баланын тастыктоочу документтерин алып келгенден кийин гана өткөрүп берилет. Көпчүлүк учурда ата-энелер балдары сабак учурунда интернет клубдарда ойноп жүргөндөрүнөн маалыматы жок болот. Буга чейин ошол эле интернет клубдарда ойноп отурган балдарды тоноп кеткен фактылар да катталып келген. Мындай көрүнүштөрдү алдын алуу максатында атайын "Тентимиш" аталышындагы рейд өткөзүп келебиз", - дейт Бишкек ШИИББинин инспектору Зухра Саметова.
Айта кетсек, аталган рейддин жүрүшүндө кармалган өспүрүмдөрдүн жаш курагы ар кандай. Бул ирет колго түшүрүлгөн балдардын эң кенжеси бүгүн 10 жашка толгон. Атын Азамат деп тааныштырган бала бүгүн интернет клубга биринчи жолу келгенин айтат.
"Бүгүн туулган күнүм болчу, 10 жашка чыгып жатам. Байкем акча берген, мектепке туулган күнүм болгон үчүн барган эмесмин", - дейт Азамат.
Бишкек ШИИББинин инспектору Зухра Саметованын айтымында, кармалган балдар ата-энелеринин номерлерин бербей жашырат.
"Балдар "апамдан же атамдан уруксат алып келип ойноп жатам" деп алдашат. Телефон чалып байланышып тактайлы деп сурасаң эле номерин билбейм, телефонум жок деп жашыра башташат. Айрым балдар ата-энесинин номерин такыр беришпейт. Ошол учурда баланын окуган мектебине чалабыз. Алар аркылуу анан ата-энесин табабыз. Буга чейин өспүрүмдөр компьютердик клубда 2-3 сутка түнөп калган фактылар да катталып келет. Бир баланы издөөгө берген учур да кездешкен, ал 1 жумадан кийин компьютердик клубдан табылган", - дейт Саметова.