44 өлкөнүн жарандары үчүн 60 күнгө чейин визасыз режим киргизүү демилгеси сунушталды

Кыргызстандын өкмөтү калкынын санына карата жана өнүгүү деңгээли жогору болгон дүйнөнүн 44 өлкөсүнүн жарандары үчүн 60 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз режим киргизүү демилгесин сунуштоодо. Ал үчүн “Тышкы миграция жөнүндө” мыйзамга түзөтүү киргизүү милдети турат. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди. Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевдин айтымында, чет өлкөлөрдөн келе турган туристтер үчүн визасыз жүрүү тартибин киргизүү менен туристтердин санын көбөйтүү мүмкүнчүлүгү түзүлөт. Ошону менен бирге “электрондук виза” тутуму киргизилет. “Электрондук виза” ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан чет өлкөлүк жаранга, же Кыргызстан тарап тааныган жарандыгы жок адамга электрондук тартипте, анын ичинде интернет түйүнү аркылуу берилген, атайын эсептөө коду бар, өлкөгө кирүүгө,  чыгууга жана транзиттик өтүү үчүн уруксат берген визалар болуп саналат. Мыйзам долбоору коомдук талкуудан, ошондой эле, мамлекеттик органдар менен макулдашуудан өткөн. Алардын жүрүшүндө сын-пикирлер менен кошумча сунуштар түшкөн эмес. Мыйзам долбоору биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан