"12-15-апрелде Малайзиянын Пинанг штатында "Жаш ойлоп табуучулар-2018" аттуу долбоор жактоо боюнча эл аралык олимпиада болуп өттү. Кыргыздан катышкан окуучулар 9 медаль менен кайтышты", - деп окурман "Элдик кабарга" кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, аталган сынакка Бишкек шаарындагы Чыңгыз Айтматов атындагы лицейдин окуучулары катышкан.
"Балдар физика, химия предметтеринен, экология жана медицина боюнча да темаларды тандап алып, даярданган темасында долбоор жакташты. Аталган лицейден 18 окуучудан турган 9 команда түрдүү багыттагы долбоорлор боюнча күч сынашты. Жыйынтыгында 2 алтын, 1 күмүш, 6 коло медаль утуп алышкан. Жалпысынан сынакка 20дай өлкөдөн 638 окуучу катышкан. Өткөн жылы АКШдагы "Genius" олимпиадасында алтын медалга ээ болгон Талант уулу Ильяз бул жылы дагы эң жаш катышуучу болуп, өлкөбүзгө күмүш медаль алып келди", - деп жазган окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.