Бишкек шаарынын Шевченко-Жибек-Жолунан Шевченко-Мичурин көчөлөрүндөгү бөлүктө абал аябай начар. Бул тууралуу окурман билдирип, сүрөттөрү менен бөлүштү.
Анын айтымында, бул көчө бир да жолу асфальтталган эмес.
"Күзүндө жана жазында баса албайсың саз, жайкысын укмуш чаң. Мэрияга бир нече жолуп кайрылып, жооп ала алган жокпуз. Көчө караңгы, ушул көлчүктөрдү баскан улгайган адамдарга да оор болду.
Ал эми Жибек-Жолу-Шевченко көчөлөрүнүн кесилишинде кароосуз үй тургандыктан бул жерге шаардын ар тарабынан таштандыларды ыргытып кетишет. Көчө шаардын борборунда, таштанды ыргытылган жер абдан жаман көрүнөт. Түнкүсүн жолдо жарыктар жок болгондуктан бир нече жолу адамдарды тоноо болгон", - деп жазган окурман билдирүүсүндө.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.