Африкадагы Танзания өлкөсүндө токтобой жаап жаткан жаандан улам кеминде 10 адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, чыгыш Африкада жайгашкан Танзания мамлекетинин ири шаары Дар-эс-Саламда 3 күндөн бери токтобой нөшөрлөп жааган жаандан улам кеминде 9 адам каза болду. Адамдардын курман болушуна суу каптоо жана дубалдардын уроосу себеп экени айтылат. Каза болгондордун арасында балдар, аялдар жана эркектер бар. Учурда жамгыр токтой элек, мындан улам көз жумгандардын саны мындан да көбөйүшү мүмкүн.
Андан сырткары, катуу жааган жаан айрым үйлөр менен унааларды жарактан чыгарган. Ал эми шаардын бийлиги мектептерди убактылуу жабууну талап кылышканы айтылат.