Жубайлардын жаңжалы өлүм менен аяктады. Чүйдө 36 жаштагы адамды аялы бычак менен сайып салды

Чүй облусунун Беловодск айылында 36 жаштагы адамды аялы бычак менен сайып өлтүрдү. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 14-апрелде саат 19:30дар чамасында милицияга Беловодск айылындагы көчөлөрдүн биринде адам өлүмү тууралуу маалымат түшкөн. Айтылган дарекке милиция кызматкерлери барып 36 жаштагы Х.А. аттуу адамдын мыкаачылык менен өлтүрүлгөн жансыз денесин көрүшкөн. Ыкчам-тергөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү катары аялы кармалган. Маалым болгондой, үйдөгү пикир келишпестиктен улам маркумду аялы ашкана бычагы менен сайып салган. 36 жаштагы адам ошол жерден каза болгон.

Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, 97-берене (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон. Тергөө иштери улантылып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
zhaku2017
2018-04-17 11:32:35
Адамдын ким экени, ачуусу келгенде билинет.
+1
Kunbeken
2018-04-17 11:53:46
Уройду учурган окя го аялдар кундон кунго эркектердин ордун ээлеп баратат.....
+1
arzygulR
2018-04-17 17:57:55
Тообо кылдым кудай сакта
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан