Быйыл Жалал-Абад облусунда 5 жаңы чек ара тозоту курулат. Бул тууралуу Ала-Бука районунун 2030 чек ара зардалынын саркери полковник Замирбек Надырбеков билдирди. Айтымында, Ала-Бука районунда мамлекеттик чек аранын аймагында талаш-тартышка түшүп жаткан 22 жер тилкеси бар. “2012-жылы райондо чек ара маселеси боюнча чыккан жаңжалдардын саны 10го жеткен. Быйыл болсо, жыл башынан бери 6 ай ичинде 1 дагы чыр-чатак каттала элек”,- дейт Надырбеков. Ал эми курула турган чек ара тозоттор райондун Ала-Бука, Кербен, Ак-Таш, Көк-Таш, Чаткал айылдарынан орун алмакчы. Мамлекеттик чек ара тозотторун куруу үчүн “Казахмыс голд” компаниясы жардам берет.