Орусияда Кыргыз Республикасынын жасалма документтерин даярдаган адамдар изделүүдө. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 4-апрелде Москва шаарында 49 жаштагы К.У. аттуу Кадамжай районунун тургуну жасалма документтер менен жүргөн жеринен кармалган. Андан кийин 8-апрелде Э.К. аттуу 32 жаштагы Баткен облусунда туулган адам колго түшкөн.
"Алар белгисиз адамдар менен убадалашып, мыйзамсыз жол менен ID-card паспортун жана айдоочулук күбөлүктү башка Кыргыз жарандарынын атынан сатып алган. Белгилүү болгондой, алынган документтер түстүү принтерден басылып чыкканы аныкталып, К.У. жана Э.К.нын мыйзамсыз иш-аракеттери аныкталган", - деп айтылат маалыматта.
Учурда жасалма документтерди жасагандардын өздүгүн аныктоо үчүн бардык тийиштүү ыкчам иликтөө иштери жүрүп жатат.