Кыргызстанда биринчи жолу КМШ өлкөлөрүнүн маданий-билим берүү форуму болот

20-27-июнь күндөрү Ысык-Көл районундагы “Алтын-Көл” пансионатында ЖКнын Эл аралык иштер боюнча комитетинин демилгеси менен Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Парламенттер аралык ассамблеясы (ПАА) менен бирдикте КМШ өлкөлөрүнүн маданий-билим берүү форуму өтөт. Форумдун ишине Кыргызстан, Азербайжан, Армения, Беларусь, Казакстан, Орусия, Тажикстандын парламенттик делегациялары, ошондой эле аталган мамлекеттердин билим берүү мекемелеринин окутуучулары менен окуучулары катышмакчы. Иш-чаранын максаты – КМШнын мүчө мамлекеттеринин билим берүү тутумундагы өкүлдөрүнө баарлашуунун жаңы аянтчасын түзүү, билим берүү мекемелеринин ортосундагы эл аралык байланыштарды бекемдөө максатын көздөгөн жаңы эл аралык долбоорлорду иштеп чыгуу, маданият диалогуна багытталган программаларды даярдоо, ошондой эле жаштар долбоорлорунун жалпы маалыматтык базасын түзүү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан