Бишкек ШИИББи: "Маршруттук таксилерде уурулук менен алектенген 2 адам кармалды, алар 15 факты боюнча айыпталып жатат"

Маршруттук таксилерде уурулук менен алектенген 2 адам кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жаран 13-апрелде милицияга март айында күрмөсүнүн чөнтөгүндөгү 18 миң сом салынган капчыгын уурдап кетишкенин айтып, арыз менен кайрылган. Аталган факт боюнча 164-берене (уурулук) менен кылмыш иши козголгон. Ыкчам тергөө иштеринин жүрүшүндө шектүүлөрдүн өздүгү аныкталып, 18 жаштагы Т.А. менен 24 жаштагы Т.Д. кармалган. Алардын үйүн тинтүүгө алган учурда 1 сумка, 12 капчык ичиндеги 6 айдоочулук күбөлүк, 4 техникалык күбөлүк, 6 ишеним кат, 9 банк карточкасы, 3 уюлдук телефон, 3 сим-карта жана 1 бет кап алынган.

Колго түшкөндөрдүн жактоочусунун суранычы менен шектүүлөр СИЗО-1ге 2 айга камакка алынган. Мындан сырткары аларга 15 уурулук фактысы боюнча айып коюлуп, сегиз кылмыш иши ачылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
taimanbas
2018-04-17 14:52:13
айдоочулук күбөлүктөр кимге таандык экенин билсек болот
0
Zainidin96
2018-04-17 15:01:02
Кыныр иш кырк жылда билинет
0
tmttmt
2018-04-17 15:10:48
былтыр 185чи маршурткада он бешмиң сомду кааратып туруп алдырганбыз жолдошум экөбүз кызыма тушоо той берели деп майда чүйдөгө бара жатканбыз көкүрөк чөнтөгүнөн кантип алдырганын билбей каалганбыз аябай шок болот экенсиң не кыларыбызды билбей маршуртканы токтотуп түшүп каалганбыз шафёру мен билбейм деп куутулган
+1
nur...nur.
2018-04-17 15:50:43
Эми жазага жаешылап тартсанар эле болду.бирок жазага тарткан менен барибир мамлекет багат колун кесип салсаго экинчи бироонун буюмун албай турган кылып, колу буту соо туруп жапжаш балдар иштебейби андан кору.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан