Бишкекте жүк ташуучу унаа сүзүп каза болгон кыздар классташ болушкан

Бишкекте эки кызды сүзүп кеткен КамАЗ жүк ташуучу унаанын айдоочусу камакка алынды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан SUPER.KG порталына билдирди.

"17-апрелде КамАЗ жүк ташуучу унаасынын айдоочусуна карата кылмыш иши козголду. Учурда убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери башталды", - деп билдирет басма сөз кызматынан.

Каза болгон кыздар Нарын облусунун Эмгекчил айылынын тургундары.

Маркум кыздардын айылдашынын айтымында, кыздар классташ болушкан. Алардын бири үй-бүлөдө кыздардын улуусу болсо, бири үйдө жалгыз кыз болгон. Алар Бишкектеги жогорку окуу жайлардын биринде окушкан.

Эске салсак, 16-апрелде Бишкек шаарындагы Учкун кичи районундагы Ауэзов көчөсү менен түндүк тарапка бара жаткан КамАЗ жүк ташуучу 2 кызды жөө адамдар өтүүчү жайдан cүзүп кеткен. Кыздар окуя болгон жерден жан берген.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
Ask094
2018-04-17 15:45:11
Бул ит тебелен да кеткен окшойт камазды да ошончо катту айдайбы биздин гаи акмак да баардык праваны анулировать этип кайрадан эгзамен менен бериш керек. Штравты кобойтуш керек пешеходту коебербегенге анан за повышения скоростьного редима
+5
kechirmeni
2018-04-17 15:56:45
штраф кобойсо коррупция да кобойот
+8
aerforce
2018-04-17 16:06:12
пешеходттон сузуптур акшындатып айдашат кырысык ар бир адам тообого келиш керек бирок айдоочулар шашпайлычы
+4
anandi
2018-04-17 16:30:00
Эмгекчилдик кыздар турбайбы,бейишин берсин,күнөөлөрүн кечирсин кудайым
+5
Parish
2018-04-17 17:18:43
Штраф менен мындай нерсени токтотуш кыйын,шаферлер гайинин колуна карматса эле боолду кетирип жиберип атпайбы. ар бир автого видэо регыистир койдуртуш керек ошондо билинет нарушение.
+3
gulzat85
2018-04-17 17:42:25
Байкуштар ай.
+6
Aima94
2018-04-17 19:54:53
Ужас
+1
s81
2018-04-18 06:18:56
Айдоочу пешоходду карасаң
+1
barakcha
2018-04-18 08:06:38
Пешеходту карашпайт азыркы айдоочулар
0
traveler
2018-04-18 09:04:27
Аттиң арман!
0
Akyl78.1501
2018-04-18 10:14:45
Шофёр камалат тиги менттин баласы кызды машинасы менен сузуп и тепелепда кеткен ал кызда олгон ал шофёр камалган жок неге ал менттин баласыда камалбайт. Кана акыйкат бизде жок биздин мамлекет жиндикана
+3
Syimyk.isaev
2018-04-18 12:21:42
Жаткан жери жайлуу болсун...
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан