ТИМдин Үрүмчү шаарындагы визалык бөлүмдүн жетекчиси Азат Эркебаев 15-июнда Кытайдын Кызыл-Суу Кыргыз автономдук округуна барды. Анын жүрүшүндө Ак-Чий айылында белгилүү манасчы Жусуп Мамай менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирет. Жолугушууда Жусуп Мамайдын 95 жылдыгына байланыштуу КРнын Президентинин манасчыга даректелген жеке кайрылуусу тапшырылды. Ошондой эле “Жусуп Мамайдын кыргыздардын руханий жана маданий байлыгын сактоо ишине кошкон салымы тууралуу” президенттин жарлыгы окулду. Иш-чарага манасчынын үй-бүлөсү, айылдаштары жана Ак-Чий районунун администрациясынын кызматкерлери катышты. Алар КРнын Президенти жөнөткөн жылуу сөздөрүн кубануу менен кабыл алышты. Өз кезегинде Жусуп Мамай мамлекет башчынын кайрылуусун тапшырганы, өзүнө жана чыгармачылыгына сый көрсөткөндүктөрү үчүн ыраазычылык билдирди. Жолугушуунун жыйынтыгында манасчы дүйнөдөгү бардык кыргыздарга ынтымак, биримдик жана тынчтык каалап бата берди.