Чүй облусунун Сокулук районунда сойкулук менен алектенгендерге шарт түзүп берген деген шек менен 52 жаштагы аял кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Сокулук районунда интимдик кызмат көрсөткөн сауна жана мейманканалар бар деген маалымат райондук ички иштер бөлүмүнө келип түшкөн. Бул фактыны тактоо үчүн ыкчам тергөө иштери айтылган даректеги мекемелерди тинтүү учурунда атайын белгиленген акча каражаттар жана башка далилдер чыккан. Мындан улам сойкулук менен алектенгендерге шарт түзүп берген деген шек менен Чүй облусунун тургуну кармалган. Бул иш боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренеси (сойкулук жасоо үчүн жайларды уюштуруу же күтүү) менен кылмыш иши козголгон", - деп билдирди басма сөз катчысы.
Учурда тергөө амалдары уланууда.