ИИМ: "Улан Саляновдун өлүмүнүн бети ачылды"

17-апрелде Жогорку Кеңештеги "Республика-Ата Журт", "Ата Мекен", "Өнүгүү-Прогресс" оппозициялык фракциялары өкмөттүн 2017-жылдагы ишмердүүлүгү боюнча отчётун карап жатат.

Анын жүрүшүндө "Ата Мекен" фракциясынан депутат Наталья Никитенко экс-депутат Аида Салянованын иниси Улан Саляновдун өлүмү боюнча тергөө иштери кандай жүрүп жатканына кызыкты.

ИИМ башчысы Улан Исраилов бул кылмыштын бети ачылганын айтып, тергөөнүн жүрүшүндө 2 адам кармалып, дагы бирөө изделип жатканын билдирди. "Учурда тергөө иштери уланууда. Салянов кандай курал менен өлтүрүлгөнү жана аны өлтүрүүгө эмне себеп болгону аныкталды. Тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн муну айта албайм. Бирок мында эч кандай саясат жок", - деди Исраилов.

Эскерте кетсек, 2017-жылдын 6-ноябрына караган түнү депутат Аида Салянованын 42 жаштагы иниси Улан Саляновду Бишкекте белгисиз адамдар өз үйүнөн атып кетишкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
Brilant-zhylan
2018-04-17 16:08:40
Улан Исраилов поктун ысыгын жептир башка мамлекеттерде аты жонун тоолук жазып ушул адамдардан же каракчылар сак болгула деп эскертет бизде болсо жашырышат аты жонун айткандай
+60
Ermekbai
2018-04-17 16:17:44
Brilant-zhylan,өтө күштүү жазыпсың ха хаа хааа
+20
Kojo1995
2018-04-17 16:58:21
Улан исраилов өзү ким бул? Бир нерсе билеби? Текебаевдин берген суроолордун бирөөсүн да билбей мвдны башкарып келетат. аша уялбай шайлап койгон. Буга да кылмыш ишин козгош керек болчу
+27
Okunboim.
2018-04-17 16:08:51
Кызык....
+5
Nevestkaa
2018-04-17 16:10:42
Бети ачылды бирок подстава....
+25
Dembele84
2018-04-17 16:13:46
Ачылды деп иштеген киши болуп корунбосун,кана так маалымат?Бироонун баласын тепкилеп уруп камап койгон жоксунарбы деги?
+33
nurbekasr
2018-04-17 16:17:39
Исраилов ХХХХХХХХ ачалбапсын,тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн эч нерс айта да албайт экенсин,кылмышты аныгына жетип ачсаңар айта аласыңарбы?Баякы эле эч нерс билбегенин билинип турат.Текебаевдин экзаменинен өтө албаганың.
+14
zhaku2017
2018-04-17 16:20:31
Азаматсынар ИИМдин кызматкерлери. Башында ар кимиси додуроп журушкон иш ачылбай калат деп.
-28
nargiz94
2018-04-17 16:32:15
Ай, Кудай билет, Кудай билет...
+7
raykray
2018-04-17 17:03:10
Камила Дуйшобаеваныкы жабылып эле калдыго биринчи ал ачылат анан Саляновдун олуму,... деп ойлойм
+10
mirsapar
2018-04-17 17:28:28
Ай ким билет, ким билет, дагы кайсы шордуунун мойнуна илип атканын.
+5
arzygulR
2018-04-17 17:45:04
Кайсыл бей куноо адам кармалды экен
+8
xnurgul_gul
2018-04-17 17:55:54
Кайсы шордуунун шорун катырып жаттынар экен
+7
Ask094
2018-04-17 20:08:38
Бир ай мурда аткан писталетин которуп ош базарда колго тушкон ха ха хааа аай кайран эл артистер минип алган башыбызга жалганды да эптеп айта албайт. Ишенейн деп ошончо арекеттендим болбой койду
+7
nurbekasr
2018-04-18 08:00:11
Иликтөөлөрү жомоктон да кем калбайт,качаанкы кылмышкер кылмыш кылып коюп,адам өлтүрүп,пистолетин көтөрүп Ош базарда жүргөн экен манты жеп.Күлкүлүү ээ))).
+4
alina79
2018-04-18 11:30:54
Мен да бети ачылды десе кирип алыпмын.Кана бети ачылганы, аты жонун толук жазбайсынарбы? С.П К.Б деп эле будомук бир нерсени жазып коёсунар? Силер эмнени тапчуу эленер,таба албайсынар!
+4
Crystal
2018-04-18 21:05:45
Таба албайт эсил эле ушуларга төлөнгөн айлык
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан