"10 жылдан ашык убакыт өтсө дагы Ленин районуна караштуу Ак-Ордо жаңы конушундагы Шамшы, Суусамыр, Биримдик жана Акыл-Карачач көчөлөрүнө электр чубалгылары тартылган эмес", - деп окурман "Элдик кабарга" WhatsApp аркылуу жазды.
Анын айтымында, конуштун тургундары өз алдынча электр зымдарын орнотуу аракетин көрүшкөнү менен алардын коопсуз экенинен күмөн санашат.
"Жашоочулар өздөрү 200 метр жерден электр зымдарын тартып алышкан. "Улуттук Энергетикалык холдинг" компаниясына, шаардык мэрияга жана тиешелүү тармактарга кат менен кайрылганбыз. Жообу жок. А бирок башка көчөлөргө жарыктар орнотулуп жатат", - деп жазды окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.